Ысык-Көл облусуна 891,3млн сом бөлүндү

Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 891,3млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражат төмөнкү багыттарга каралган:

— теңдөөчү трансферттер — 159,6 млн сом;
— ыйгарым укуктарды берүүгө — 15,9 млн сом;
— мамлекеттик каттоо кызматкерлерине — 2,5 млн сом;
— электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга — 21,9 млн сом;
— жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга — 14,4 млн сом;
— айылдардын башкы планын иштеп чыгууга — 26,7 млн сом;
— Каракол шаарын өнүктүрүүгө — 650 млн сом.