Газ боллон жарылып кеткен окуя: эки адам ооруканада

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан жарылуудан улам түштүк кореялык 50 жаштагы аял каза тапкан. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү саат 15:40та Бишкек ШИИББге 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ боллон жарылып кеткени тууралуу маалымат түштү. Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 1973-жылкы түштүк кореялык Л.С. аттуу аялдын сөөгүн табышкан. Алгачкы кароодо анын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес.

Дагы бир жабырлануучу №3 шаардык балдар ооруканасына, экинчиси № 4 клиникалык Тез жардам ооруканасына жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүү иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды