Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро карызын кечти

Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро өлчөмүндөгү мамлекеттик карызын кечти. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаттары менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууга аталган өлкө менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Гуля Кожокулова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов, Медербек Алиев жана Фарходбек Алимжанов катышты.

Ал эми “Германия-Борбор Азия” достук тобунун жетекчиси Ойген Шмидт баштаган Бундестагдын делегациясын Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил коштоп келди.

Баарлашууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү.