ВИДЕО: Камчыбек Ташиев салтанаттуу иш-чарага балдак менен келди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлгөн “Карегимде мекен чеги” деп аталган Ата мекенди коргоочу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага 2022-жылдын сентябрындагы чек ара кагылышууда каза болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын МКНБ чек ара кызматынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын бийлик түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка коноктор катышты.

Ташиев аталган иш-чарага балдакчан келди.

Эске салсак, буга чейин “Регион” телеканалынын жетекчиси жеке баракчасына Камчыбек Ташиевдин иш учурундагы сүрөттү жарыялап, кийин кайра өчүргөн. Ал жүктөгөн сүрөттө УКМКнын төрагасынын артында балдактар бар болчу.

image 21 12 ВИДЕО: Камчыбек Ташиев салтанаттуу иш-чарага балдак менен келди