Тамеки боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин, тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору ЖК депутаттары Улукбек Ормонов, Бакыт Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев тарабынан демилгеленген.

Маалымкат негиздемесинде айтылгандай, мыйзам долбоорунда 14 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын, электрондук тамекилерди сатууга уруксат берген ата-энелерге, асырап алгандарга же камкорчуларга чара көрүү сунушталууда, анткени азыр балдар билим берүү уюмдарында окуунун ордуна ири базарларда, павильондордо, комокторде жана башка ушул сыяктуу жайларда тамеки заттарын сатып жүргөндөрү байкалат.

Жоруктар жөнүндө кодексинде балдарга тамеки буюмдарын сатууга тыюу салууну жана санкцияларды караштырып, бирок балдарга тамеки буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн адамдардын жоопкерчилигин көрсөткөн эмес.

“Эмне үчүн 14 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн адамдардын жоопкерчилиги каралат? Себеби, Эмгек кодексинин 18-беренесинин жоболоруна ылайык, 14 жашка чыккан окуучулар окуудан бош мезгилинде ден соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессин бузбаган жеңил жумуш аткаруу үчүн ата-энесинин биринин (камкорчу, көзөмөлчү) же камкордук көрүү жана көзөмөлдөө органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзө алышат”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинин 1-пунктунун “в”, “д” пунктчаларында жана биринчи бөлүгүнүн 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери менчигинин түрүнө карабастан атайын жайларды бөлүп берүүгө, тамеки чегүүгө жана аларды Министрлер кабинети бекиткен санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдууга милдеттүү. Тамеки тартуучу жайларды жабдууга талаптар өкмөт тарабынан бекитилет

Мыйзам долбоор боюнча 14 жашка чейинки балдардын тамеки заттарын сатуусу боюнча жеке жактарга 5500 сом,  юридикалык жактарга 17000 сом айып пул салууга алып келет.

«Тамекиге көз карандылыктын жайылышын алдын алуу жана азайтуу» медициналык регламентинин маалыматы боюнча Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки 20 жылдын ичинде тамеки чеккендердин саны 1990-жылга салыштырмалуу бир топ  (3-4 эсеге), өзгөчө жаштардын жана айымдардын арасында, ал эми өлүмдүн себептеринин катышы да кеминде 3 эсеге өстү.

Тамеки тартууга тыюу салынган жерлер: 

Мыйзамда тамеки чегүү, анын ичинде кальян жана башка кошулмаларды тартууга толук тыюу салынат:

— менчик ээсине карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында;

— Саламаттык сактоо жайларында;

— өрт чыгуу кооптуулугу жогору жерлерде, май куюучу жайларда;

— кинотеатрларда, театрларда, спорт аянтчаларында, циркте, концерт залдарында, ошондой эле маданий жана иш-чаралар өтчү жабык жайларда;

— китепканада, көргөзмө залдарында, аудиторияда;

— шаардагы салондордо, шаар аралык автобустарда, маршруттук таксилерде жана шаардык электротранспортто;

— сууда жана абада жүрчү транспортто;

— лифтте;

— элге кызмат көрсөткөн жабык жумуш орундарында;

— үйлөрдүн подъезддеринде;

— мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жайгашкан имаратта жана бөлмөдө;

— имараттар менен автостанция залдарында, автовокзалдарда, темир жол вокзалдарында жана аэропорттордо;

— атайын тамеки тартуу жайы каралбаган коомдук тамактануу жайларында (кафе, ресторан жана башка — ред.);

Тамекини, кальянды жана башка кошулмаларды атайын жабдылган жерлерде гана тартууга болот. Жабдууларга болгон талапты өкмөт бекитет.

Айып пулдар

Тыюу салынган жерде чылым чеккендерге эскертүү берилет же I категориядагы айып салынат (жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом).

Белгилей кетсек, айып пул өлчөмү боюнча сегиз категорияга бөлүнөт жана эреженин бузулгандыгына карап айып пул чегерилет.