Казак-кыргыз чек арасынан тогуз пакистандык жаран кармалды

Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жамбыл облусу боюнча улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын департаментинин аскер кызматкерлери менен бирге казак-кыргыз чек арасын Казакстан Республикасына мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Пакистан Ислам Республикасынын тогуз жаранын кармашкан.

Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.