Ат оюндарында жараат алган Бужум айылынын тургуну каза болду

Баткенде ат оюндарында жараат алган Бужум айылынын тургуну каза болду. Бул маалыматты Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Талантбек Абдирашитов тастыктады.

Маалым болгондой, аталган тургун эки ай оор абалда Баткен облустук биргелешкен ооруканасында жаткан. Ал кечээ, 23-февралда каза болгон.