Сирия менен Түркияда экинчи ирет жер титирөө: 764 адам жаракат алды

Жаңы жер титирөөлөрдөн Сирияда төрт, Түркияда үч адам каза болуп, кеминде 764 адам жаракат алганын CNN билдирди.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин өлкөсүндөгү жер титирөөдөн 213 адам жабыркаганын билдирген. Үч кыйроо болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Кийинчерээк Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандардын саны 294 адамга жеткенин тактады.

6,4 баллга жеткен биринчи силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:04тө, экинчиси 5,8 баллга жетип, саат 20:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг аймактарында болду. Биринчи жер титирөөнүн очогу 16,7 км, экинчиси 7 км тереңдикте болгон.

Жер титирөө коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде сезилген. Сирияда жер титирөөнүн жаңырыгын Идлиб, Алеппо, Хама, Африн, Аазаз, Жераблус, Эл Баб жана Тел-Абяддын тургундары сезишти. Адамдар коркуп, дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө чуркап чыгышкан. Кээ бир имараттар талкаланган. Ливанда жер титирөө борбор шаар Бейрут менен кошо өлкөнүн бүтүндөй сезилген. Көп адамдар дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө чуркап чыгышкан.