Адахан Мадумаров: “Жашыруун түрдө жолугушуусу – бул өтө уят маселе”

Депутат Адахан Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алды. Эл өкүлүнүн айтымында, муну менен азыркы бийлик арыгын алдын-ала чаап жатат.

“Эл үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин бөтөн жерге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу бул өтө уят маселе. “Баарын бир столго бириктирдим” деп жатпайбы, отургуза турган болсо касиеттүү Кыргыз жери бар. Ушул жерде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант ичишкен. Ушул жерге келип жыйналса, кепилдик беришсе дагы жакшы болмок. Жеке кишинин пикири менен улуттун пикирин аралаштырбаш керек. Ал сенин пикириң, бири-бири менен кечиришеби, кечиришпейби ал алардын жумушу. Мунун негизги максаты ошол жактагы президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес, азыркы бийлик өзүнүн арыгын алдын-ала чаап жатат”, – деди Мадумаров.

Эске сала кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров КРнын мурдагы президенттери менен жолукканын билдирген.

Президенттин маалымат катчы Эрбол Султанбаев “Фейсбуктагы” баракчасына аталган жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкандыгын жазган.

Кийин Аскар Акаев менен Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду колдогонун билдиришкен.