Москвада кыргызстандык аял жоолгун чечкенге аракет жасаган капитанга кол салды

Москвада кыргыз аял полиция капитанына кол салган, ал баш кийимин алып салууну талап кылган. Бул тууралуу «База» телеграмма каналы билдирди.

Анын айтуусу боюнча, 13-февралда Кыргыз Республикасынын жараны каттоодон өтпөгөндүктөн, полиция тобу тарабынан Головинский округундагы жайгашкан бөлүмгө жеткирилген.

Бөлүмдө 33 жаштагы аял манжа изи менен сүрөткө тартылып алынган. Ал жерде полиция капитаны К.А.-дан баш кийимин алып салууну талап кылган. Бирок, аял диний себептерден улам, жоолугун чечүүдөн баш тарткан.

Мындан улам полиция кызматкери анын жоолугун чечүүгө аракет жасаган. Ал эми К.А. анын аркасына бир нече жолу сокку уруп, тытып, ийнининдеги погондорун сындырып салгандыгы аныкталды.

Белгилүү болгондой, бөлүмгө Тез жардам чакырууга туура келген. Доктурлар полиция капитанына колундагы жараат жана бир-эки майда жараат диагнозун коюшту.

Кыргызстандык жаранга карата административдик кылмыш жөнүндө протокол түзүлдү.