«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Айтбаев камакта калды

Бүгүн, 15-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралып жатат.

Соттун чечими менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине чейин камакта калды.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

hqdefault 1 «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Айтбаев камакта калды