Активист Али Шабдан: Кылмыш ишинин токулма экени көрүнүп турат

Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалган саясатчы, активист, блогерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселени карап жатат.

Сот залына жеткирилген активист Али Шабдан кыскача комментарий берип, журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, аларга козголгон кылмыш ишинин токулма экени көрүнүп турат.

Эске салсак, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчы, активист кармалган. Учурда алардын көпчүлүгү абакта жатса, кээ бирлери ооруканада дарыланууда, айрымдары үй камагына чыккан.

ali shabdan 1024x461 1 Активист Али Шабдан: Кылмыш ишинин токулма экени көрүнүп турат