Жапаров менен Атамбаевдин абакта отурган мөөнөтү канча?

Жогорку соттун чечиминен кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаев абактан 14-февралда бошотулду. Биринчи май райондук соту өлкө аймагынан чыгууга уруксат берип, 15-февралда Испанияга дарылануу максатында учуп кете турганы белгилүү болгон.

Атамбаевге Кой-Таш окуясы, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, октябрь окуясы жана башка кылмыш иши боюнча айып тагылган. Ал 2019-жылдын 8- августунда Кой-Таштагы үйүнөн камак жайына жеткирилген болчу. 2020-жылдагы октябрь окуясында тарапташтары тарабынан бошотулуп, кайра 3 күндөн кийин камакка алынган.

Жалпысынан А.Атамбаев 1283 күн же 3 жыл 6 ай 3 күн камакта отурду.

Президент Садыр Жапаров барымтага алуу, бейбашчылыкка айыпталып, 2017- жылдын 25-мартында камакка алынган. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки нааразычылыктар менен коштолгон октябрь окуясында — 2020-жылдын 6-октябрында абактан чыккан.

С.Жапаров муну менен жалпы 1291 күн же 3 жыл 6 ай 11 күн камакта болгон.

2012-2013-жылдары Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алууга чакырууга айыпталып камалган. Кийинчерээк бул факт боюнча акталган.