Түркиядагы зилзала VII кылымдагы салынган мечитти кыйраткан

Түркиянын Хатай провинциясындагы көп кылымдык тарыхы бар жана Анадолудагы алгачкы мечит катары эсептелген Хабиб-и-Нежар мечити өлкөнүн түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдө кыйраган. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдирди.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Ушул тапта эки өлкөдө каза болгондордун саны 34 миңден ашты.