Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин Жаникул Садиров атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинде окушкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмесин такташкан. “Анын негизинде милициянын улук лейтенанты Тажидин Сатыбалдиев аз камсыз болгон үй-бүлөгө өз ыктыяры менен жардам берүүнү чечип, өз каражатына азык-түлүк алып, жеткирип берген.
Жардам берилген үй-бүлөдөгү үй ээси менен үй кожейкеси эч жерде иштешпейт. Анткени үй ээси ден соолугуна байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Анын жубайы болсо, 3 баланы багууда”, – деп айтылат билдирүүдө.