“Жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп шантаж кылып, опузалагандар кармалды

Сузакта “жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп шантаж кылып, опузалагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2022-жылдын декабрь айынын ортолорунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, бир аял менен таанышкандыгын, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген.

“Бул учурда аял “жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп сактап алып, кийин аларды интернетке таратам деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн. Аял өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 миң сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы токтоп калбастан коркутуп, акча талап кылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган”, – деп айтылат билдирүүдө.