Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жанындагы 4 контейнер да күйүп кетти

Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Дордой Мурас» базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалын мечиттин жанында жайгашкан 4 контейнерди каптаган.

Тилсиз жоо түнкү саат 02:00дөргө жакын катталып, аны өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат 04:03тө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.

Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

whatsapp image 2023 03 22 at 11 39 16 1 Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жанындагы 4 контейнер да күйүп кетти
whatsapp image 2023 03 22 at 11 39 16 Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жанындагы 4 контейнер да күйүп кетти