Кыргызстандык куткаруучулар уранды алдынан бешинчи адамды аман-эсен алып чыгышты

Түркияда кыргызстандык куткаруучулар издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында урандылардын астында аман калган бешинчи жаранды куткарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-февралда куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси” аталган аймагынан ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты.