Түркияда куткаруучулар мародерлордун айынан өлкөдөн кете баштады

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берип жаткан куткаруучулар мародерлордун айынан өлкөдөн чыга баштады, деп жазат Türkiye Gazetesi.

Түрк бийликтери тополоң боюнча комментарий бере элек, бирок президент Режеп Тайып Эрдоган буга чейин өкмөт мародерлор жана башка кылмышкерлерге катуу чара көрөрүн айткан.

Тактап айтканда, израилдик United Hatzalah издөө-куткаруу тобу «коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч» болгондугуна байланыштуу Түркиядан чыгып кетти, деп жазат The Times of Israel.

United Hatzalahтын аткаруучу директору Эли Поллак жана операция боюнча вице-президент Дов Мейсел Израил делегациясына конкреттүү жана дароо коркунуч тууралуу чалгындоо маалыматын алышканын жана кызматкерлердин коопсуздугун биринчи орунга коюшу керектигин айтышты.

«Биз Сирия чек арасына жакын Түркиянын бул аймагына өз командабызды жөнөтүүдө белгилүү бир деңгээлде тобокелчилик бар экенин билчүбүз, бирок адамдардын өмүрүн сактап калуу миссиябыз үчүн зарыл болгон чараларды көрдүк. “, – деди Мейсел.

Түркиянын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктан кийин мародерлор көчөдө активдешти. Адамдар дүкөндөрдү, өлгөндөрдүн баалуу буюмдарын тоношууда. Ошондой эле көчөлөрдө түрдүү топтордун ортосунда кагылышуулар башталды, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда октун үнү угулууда.

Мындан тышкары Австриянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү да Түркиядагы жер титирөө болгон аймактан коопсуздуктун жоктугунан жана куралдуу мародер топторунун жана мезгил-мезгили менен атышуулардан улам аскерлердин жана куткаруучулардын өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан кетип жатышканын билдиришти.

«Куткаруу операциясынын күтүлгөн ийгилиги коопсуздук коркунучуна дал келбейт. Түркияда топтордун ортосунда тирешүү күч алууда. Ок атылганы кабарланууда», – деди подполковник Пьер Кугельвейс Deutsche Welle телеканалына шилтеме берүү менен.

Эки немис жардам уюму да жер титирөөдөн жапа чеккен Түркиядагы куткаруу иштерин коопсуздукка байланыштуу жана адамдардын топторунун ортосундагы кагылышуулар жана ок атышуулар тууралуу кабарларга таянып токтотту.

Германиянын Эл аралык издөө жана куткаруу уюму (ISAR) менен Германиянын Федералдык Техникалык жардам агенттиги (THW) Түркиянын жарандык коргонуу агенттиги AFAD кырдаалды коопсуз деп баалагандан кийин ишин уланта тургандыктарын билдиришти. ISARдын операциялар боюнча менеджери Стивен Байер кырсыктан кийин күн өткөн сайын коопсуздук абалы бир аз начарлап жатканын айтты.

«Буга бир жагынан тамак-аш, суу азайгандыктан элдин азык-түлүк издеп чыгышы себеп болууда. Андан сырткары, адамдардын үмүтү барган сайын өчүп баратат жана бул үмүт ачууланууга айланышы мүмкүн», – деди ал Кирихан шаарындагы куткаруу лагеринде сүйлөп жатып.

Мурдараак маалымдалгандай, Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдөн кийин талап-тоноочулук фактылары боюнча иликтөө иштеринин алкагында сегиз облуста 48 адам кармалган.