Кыргыз куткаруучуларынын иши түрктөрдүн алкышына татыды

Түркияга келген табигат кырсыгын Кыргызстандыктар терең кайгыруу менен кабыл алып, ар бир болуп жаткан окуяны жан дүйнөсүнөн өткөрүп жатканын социалдык тармактардан көрүүгө болот.

Айттырбай келген апааттан улам куткарууга барган мекендештерибиздин ишин мыкты аткарып жатканын, Түркиянын массалык маалымат каражаттары толкундануу менен ыраазылык айтканынан билсек болот.

Кырсыктын болгонуна канча күн өтсө да, Кыргызстан кол кабыш кылууну токтоткон жок. Бул жагдайды боордош элдин түйшүгүн жеңилдетүүгө кошкон салым деп эсептесек болот.

Ыктыярдуу жардамчылар Түркиянын эли кийим кечеге эмес, акча, суу, баш калкалоо үчүн чатыр сыяктуу буюмдарга муктаж болгонун белгилешүүдө.

Чатыр (палатка), газ же электрондук жылыткычтар, тамак бышыруу үчүн мештер, уктоочу каптар, бүктөлмө керебеттер, балдар үчүн жаңы кийимдер.

Түркияда убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктар да кол кабыш кылып, мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берип жатышат.

Белгилүү болгондой, элчиликте гуманитардык жардам чогулту боюнча иштер уланууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 20 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.