Альпинисттерди издөөгө ӨКМдин 10 куткаруучусу тик учак менен жөнөтүлдү

Жеңиш чокусун багындырууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөөгө бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базасына жайгашышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешет.

“4100 метрден жогорку бийиктикте абанын температурасы -20  -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана кыйла татаал”, — деп жазылат маалыматта.

Альпинисттер Кыргызстандагы “Аксай-Тревэл” туристтик компаниясы менен келишим түзүп, 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген.

Алынган координаттын негизинде “Аксай-Тревэл” компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 27-июль күнү Россия федерациясынын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн.