Түптө 3 кыз өгөй таятасы тарабынан зордукталып жүргөн

Ысык-Көл облусунун Түп районунда үч кызды өгөй таятасы көп убакыттан бери зордуктап жүргөн деп шектелип кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 13-июнда кыздардын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда 23 жаштагы жана эки жашы жете элек кыздары өгөй таятасы аркылуу зордукталганын айткан.

“Кыздар Түптөгү айылдардын биринде таянеси менен жашап келишкен. Шектүү 67 жашта. Ага соттук-медициналык жана психиатриялык, биологиялык экспертизалар дайындалды. 14-июнда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган”, — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала суракта шектүү күнөөнү моюнга алган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.