ВИДЕО: Кыргызстандык куткаруучулар дагы үч адамды куткарды

Бүгүн, 18-февралда кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында 296 саат жаткан үч кишини аман-эсен куткарды. Бул тууралуу түркиялык ММКлар билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Хатай провинциясынын Актакья районунда бир аял, бир эркек жана кичинекей бала куткарылган.