“200 миң сом талап кылган”: Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-февралда милицияга К.С. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол эле күнү болжол менен саат 00:10до Чыгыш-5 кичирайонунда К. аттуу жана үч бейтааныш адам күч колдонуп, «Мазда 626» унаасына отургузуп, учтуу зат менен коркутуп, 200 миң сом талап кылган. Андан кийин Redmi телефонун тартып алып, шаардын бир жерине калтырып кетишкен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 38 жаштагы М.М., 22 жаштагы К.А., 36 жаштагы Д.К. жана 28 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө уланууда.