Нарындын тургунунун үйүнөн марихуана табылды

Нарын шаарынын тургунунун үйүнөн кургатылган марихуана табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, баңгизат 27 жаштагы А.Д. аттуу тургундун үйүнөн табылган. Милиция анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, 0,25 литрлик бөтөлкөдө жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар салмагы 0,174 грамм чөп өсүмдүгү, эки даана газ балончосу, кесилип жасалган бөтөлкө менен темир табак, жашыл түстөгү жыты бар зат табылып алынган.

Андан тышкары, шектүү милицияга курткасынын чөнтөгүнөн маки жана баштыкка салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү салмагы 7 гр чөп өсүмдүгүн өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды ири өлчөмдө ташуу жана сактоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүдөн алынган заттарга (жалпы салмагы 184 гр) карата соттук-химиялык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат кургатылган марихуана болуп чыккан.

Шектүү эки айга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, ал мурда сот жоопкерчилигине тартылып, бүгүнкү күндө жазасын өтөп соттун чечиминин негизинде пробация көзөмөлүндө турган. Бирок оңолуу жолуна түшпөстөн, кылмыш жасоо жолуна барган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

xmycollages 2 1 Нарындын тургунунун үйүнөн марихуана табылды