Ош жолунда кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Бүгүн, 18-февралда Бишкек – Ош жолунун 231-чакырымында түшкөн кар көчкү саат 19:50до тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ошондой эле, Чүйдөгү «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 20:00дөн тарта жеңил унааларга киргизилген чектөө алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек – Ош жолунун 231-чакырымында кар көчкү жүргөнү кабарланган. Анын көлөмү 180 миң м3 түзүп, 14 миң 400 м3 кар унаа жолун тосуп калган.

Соңку маалыматта «Арал» постунда жана «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, «Арал» постунда 350 жеңил унаа жана 100 оор жүк ташуучу унаа, «Сосновка» постунда 94 оор жүк ташуучу унаа жана 93 жеңил унаа кезек күтүп турганы айтылган.