Кыргызстандын Энергетика министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Энергетика министрлигинин борбордук аппараты жана баардык энергокомпаниялардын эмгек жамааты бир күндүк айлык маянасын жана эки боз үйдү жардам катары беришти.
“Энергетика министрлиги жан дүйнөсү жабыркап турган бир тууган түрк элине көңүл айтуу менен сабыр тилейт”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Расмий маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 33 миңден ашты.