Түркияда урандылардын алдынан казакстандыктын сөөгү табылды

Түркиянын Хатай провинциясындагы алты кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан казакстандык Адил Кадырбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

«Аймактагы издөө-куткаруу иштери уланууда. Буга урандылардын көптүгү жана жабдуулардын туруксуздугу бир аз тоскоолдук кылууда», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин казак жана түрк куткаруучулары Хатай аймагында казакстандыктар Адил Кадырбеков менен Мирболат Курмашевди издеп жатканы кабарланган. Азырынча Курмашевдин тагдыры тууралуу маалымат жок. Болжол менен ал да Кадырбековдун сөөгү табылган урандылардын алдында болушу мүмкүн.

9-февралда бул жерде эки түрк жаранынын сөөгү табылган. Жакындары алардын бири Кадырбеков менен Курмашевдин кесиптеши экенин ырасташкан.

8-февралда урандылардын алдынан казакстандык Сабина Мамадиярова аман-эсен табылган.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чектеш аймактарындагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркия менен Сирияда көз жумгандар 20 миң кишиге жакындап калды.