Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Аламүдүн айылынын тургуну 1984-жылы туулган Р.С аттуу жаран кайрылып, 2006-жылы туулган А.А аттуу уулу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Коомдук коопсуздук кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган А.А аттуу өспүрүм, Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунан табылып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
![photo 5416103831164535014 y 1200x630 1 Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ак-Ордодон табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/02/photo_5416103831164535014_y-1200x630-1.jpg)