«Унаа» мекемесинин бөлүмдөрүндө техникалык себептерден улам иш үзгүлтүккө учуроодо

Бул тууралуу КР ИИМнын «Унаа» ММнын басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу унаа ээлери, бүгүнкү күндө мамлекеттик мекеменин бөлүмдөрүндө техникалык себептерден улам убактылуу токтоп калуулар уланууда. Убактылуу токтоп калуу транспорт каражаттарын каттоо системасындагы үзгүлтүктөр менен байланыштуу. Учурда үзгүлтүктөрдүн себептерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдиребиз”, – деп айтылат маалыматта.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

КР ИИМнын «Унаа» ММнын бөлүмдөрүнүн иши боюнча маалымат алуу үчүн 0312 63 31 74, 0312 63 20 71 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.