“3 тоннага жакын гуманитардык жардам”: Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, Ниязбеков Түркияда катталган жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады.


“Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм, ошондой эле кырсыктан жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын.
Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын”,-деп көңүл айтуу сөзүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркия элине жолдогону айтылат.
Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин атынан 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберилди. Алардын ичинде одеялдар, уктоочу каптар, карематтар (кичинекей килемчелер), чатырлар, жылыткычтар бар.

WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 6 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.48 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 5 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 4 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 2 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 3 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 1 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
WhatsApp Image 2023 02 10 at 07.55.47 7 "3 тоннага жакын гуманитардык жардам": Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды