Жогорку Кеңеште Түркиядагы зилзаланын курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктарын эскерүү менен башталды.

Жыйындын башында төрага Нурлан Шакиев Түркияда катуу зилзала болуп, анын кесепетинен расмий маалыматтар боюнча 5 миңден ашык жаран каза болгонун айтты.

«Бул өтө кейиштүү жагдай. Биз парламенттин атынан боордош Түркиянын парламентине көңүл айтуу жөнөттүк. Бүгүнкү жыйналышты Түркиядагы курмандыктарды эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштайлы», — деди ал.

Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин парламент ишин улантты.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түшгтүк-чыгышында катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 5 миң 894, ал эми жабыркагандардын саны 34,8 миңге жетти. Ошондой эле 5 миң 775 имарат кыйраган.

Түркиядагы жер тирирөө Сириянын түндүгүндө да сезилип, ал жакта каза болгондордун саны 1 миң 832ге жетти.