Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайда 3,5 млрд долларлык алтын бар

Президент Садыр Жапаров 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын 2022-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу маалымат берген.

137929 Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайда 3,5 млрд долларлык алтын бар

Анын маалыматына ылайык, былтыр «Кумтөрдө» 17,3  тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болгон.

Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берген.

«Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат. 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд доллар деп бааланууда. Муну менен калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот», — деп айтылат маалыматта.