Ысык-Көлдө “Кумтөргө” жумушка орноштурам деп, 80 миң сомду алып кеткен жаран кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Апрель айынын аягында Балыкчы шаарынын ИИБге 30 жаштагы жергиликтүү аял кайрылган. Аялдын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында “Кайрат” аттуу чочун адам ишенимине кирип, өмүрлүк жолдошун 80 000 сомго “Кумтөргө” жумушка орноштурууну убада кылган. Акчаны алгандан кийин, изин жазгырып кеткен.

Аталган арыз Балыкчы шаардык ИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык кодексинин 209 беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жакында, шаардык милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталып, колго түшүрүлгөндөн кийин, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Шектүү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 41 жаштагы тургуну К.М. болуп чыкты. Кармалган жаран, алдын ала жүргүзүлгөн суракта, жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Шаардык соттун чечими менен кармалган шектүүгө карата тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүнө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Учурда, тергөө иштери жүрүп жатат.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт. Ушундан улам, анын колунан жабыркаган жарандар болсо, аларды шаардык милицияга кайрылууну, же 0703-56-18-92, 0704-80-99-88, (03944) 3-27-15 жана 102 телефондоруна чалууну өтүнөт.