«Урааным Манас» кароо-сынагына 2,5 миң окуучу катышты

default

Бишкектин Ленин районунда «Урааным Манас» жана «Жаш талант-2023» республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка аталган райондун мектептеринен 2,5 миң окуучу катышкан.

«Иш-чарага акимчиликтин башчысынын орун басары Айзада Жунусова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башчысы Айнура Арстамбекова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков катышты», — деп айтылат маалыматта.