Манас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан футбол боюнча спорттук иш-чара өткөрүштү

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул спорттук таймашка Баялаш Рахман уулу, Манас орто мектеби жана ошондой эле 20 дан ашуун курама командалар катышты. Иш-чаранын ачылышында Манас РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Ороз Алымкулов командаларга ийгилик каалоо тилектерин айтып, кылмыштуулуктан алыс болуп, сергек жашоого чакырды. Команданын курамы 11 жаштан 15 жашка чейинки окуучулар катышты. Мындай иш чаралар балдардын кылмыштуулуктан оолак жүрүүсүнө жана адеп ахлактык руханий өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Спорттук таймаштын соңунда окуучулар медалдар жана кубоктор менен сыйланышты.

“Биринчи орунга Бала-Саруу мектеби жетишкен болсо, ал эми экинчи жана үчүнчү орунга Покровка орто мектеби жетишкен. КРнын ИИМдин министри милициянын генерал лейтенанты Улан Ниязбековдун приоритеттүү 7-багытында белгиленгендей, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун, коопсуздук маселеси менен алектенген бирикмелердин катышуусунда, жаштар арасында, анын ичинде өспүрүмдөр арасында туруктуу негизде иштер жүрүүдө.

b2f987dc f6f7 4b07 9563 851d7fa27cc8 Манас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан футбол боюнча спорттук иш-чара өткөрүштү
eda2290f e932 48ab bd96 d377b8aa0de9 Манас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан футбол боюнча спорттук иш-чара өткөрүштү
56c0d980 d3a0 4685 8726 523487f02aaa Манас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан футбол боюнча спорттук иш-чара өткөрүштү