Airbus H145 тик учагы «Супарага» барганы кызуу талкууга алынды

Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алган. Республикалык бюджеттин эсебинен Германия Федеративдүү Республикасында алынган жаңы тик учак Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлгөн.

Ал эми социалдык тармактарда тик учактын видеосу тарап, бир катар суроолорду жаратты. Видеодо тик учак Бишкектин четинде жайгашкан Супара эс комплексине коно албай жатканы тартылган.

image 2 1 Airbus H145 тик учагы «Супарага» барганы кызуу талкууга алынды

Тараган видео боюнча ӨКМдин басма сөз кызматына байланышканыбызда бул тик учак Airbus H145 экенин белгилүү болду.

ӨКМдин маалыматына ылайык, тик учакты кечээ атайы сыноодон өткөрүү максатында учурушкан.

«Кечээ тик учакты сыноо максатында учурушкан. Конууга шарттары бар жана башка жерлерге мындайча айтканда куткаруу иштерин жүргүзүп калуу ыктымалдыгы бар жерлерге кондуруу аракети жүргөн. Супара эле эмес башка да жактарда ушул иштер болгон», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, буга чейин аталган тик учакта президент Садыр Жапаров айланып учуп, сыноодон өткөргөн. Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда Мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгилеп, заманбап техникка жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт деген пикирн айткан.

Кошумчалай кетсек, жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине которулары кабарланган.