Бишкекте терминалдардан акча уурдоого шектүү кармалды

Бишкек шаарында дүкөндөрдө орнотулган терминалдардан акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-январда милицияга К.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Ленин районундагы дүкөндөрдө орнотулган терминалдарды бузуп, 50 миң сом акча уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы О.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып, тергөө иштери уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0505 108 844 жана 102 телефондору аркылуу кабар берүүсүн суранат.

shektelgen zharan 1 1200x630 1 Бишкекте терминалдардан акча уурдоого шектүү кармалды