ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык, – Политклиника 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып колдонууга болорун бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирген.

Анын айтымында, тик учак менен жарандарды куткаруу жумуштары ӨКМдин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

“Ал эми биздин авиакомпаниябыз толугу менен коммерциялык болуп саналат. Ошондуктан, жеке ишкер болобу, мамлекеттик же жеке компания болобу, акчасын төлөп, тик учакты өзүнүн каалаган максатына колдоно алат. Тик учакты бир саат колдонуунун баасы 2 300 долларды түзөт. Тик учакты акчасы көп ишкерлер изилдөө жүргүзгөнгө, же бир жакка тез жетүү үчүн жана куткаруу иштерине ижарага алып, колдоно алышат. Мисалы, кечээ жеке ишкер тик учакты 800 миң сом төлөп, 4 саат 16 мүнөткө өзүнүн максатына колдонду”, – деди ал.

Ажикеев министрликтин кызматкерлери, анын ичинде министр өзү дагы жеке иштерине тик учакты колдонбой турганын белгилеп, жыл аягына чейин эки кыймылдаткычтуу дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалаган.

Ал арада Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу “МЧСке келген  вертолёт жеке кызматтарга (тойлорго) колдонулуп жатканы туура эмес го”  деген билдирүү калтырган. Андагы маалыматка караганда, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга кайын атасынын тоюна барган. 

Политклиника басылмасы бул маалыматты текшерип, жыйынтык чыгарды.

2022 10 17 09 53 46 ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык, - Политклиника 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“Flightradar24” учактарды байкоо сервисинин маалыматына караганда, ӨКМдин борт номуру EX-88010 болгон тик учагы 16-октябрда Бишкектен саат 08:34тө чыгып, Чаткал районунун аймагына саат 10:44 чамаларында кирип бараткан. Андан кийин радар маалыматты көрсөтпөй калган. 

Аталган тик учак кайра ошол эле күнү, саат 18:00 чамаларында Бишкекке келип конгон. 

2022 10 17 11 39 40 ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык, - Политклиника 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 13-августунда атайын техникаларды алган. Алардын арасында бир Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учак бар, ага EX-88010 борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Демек, “Flightradar24” көргөзүп жаткан тик учак ӨКМге тиешелүү экендиги анык. 

2022 10 17 11 46 59 ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык, - Политклиника 


2022 10 17 11 44 42 ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык, - Политклиника 

Азамат Арапбаев деген ким?

“Тазабек” маалымат порталы 2017-жылы Азамат Арапбаевди Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарына киргизген. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин IV-VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Буга чейин Азамат Арапбаев уулуна чоң той берип, коомчулуктун көңүлүн бурдурган эле. Ал тойго америкалык актер Стивен Сигал да келген. 

2022 06 18 20 59 29 420237 ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык, - Политклиника 

Жыйынтык: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген тик учак Чаткалга баргандыгы чындык. Бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев барган. 

Политклиника