Чыңгыз Айдарбеков аны комитет төрагалыгынан кетирүү аракети боюнча комментарий берди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аны жетекчиликтен алуу аракеттери көрүлүп жатканы тууралуу маалымат боюнча комментарий берди. 17-октябрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Мен бул боюнча толук маалымат уга элекмин. Адахан Кимсанбаевич башка каналдары аркылуу бул маалыматты укту окшойт. Жалпы жыйында 19-октябрда карайбыз», — деди ал.

Комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу өткөн курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров айткан.