Ыргал Кыдыралиева: Кемпир-Абаддын бир тамчы суусун, бир метр жерин берүүгө каршыбыз. Өзгөн жигиттери, ойгонгула!

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Ыргал Кыдыралиева соцтармактардын биринде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга бериле турганы жөнүндө пикирин айтып, өзгөндүктөрдү тайманбастыкка чакырды.     

Урматтуу Өзгөндүк туугандарым, менимче бүгүнкү курултай көп адамды ойготот деп ойлойм. Ал курултайга катышкан ар бир өзгөндүк кыз, жигиттерибизге, ата, апаларбызга андан сырткары алыстан барып элди ойготууга аракет жасаган жарандарга терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу, өзгөндүк жигиттер. Бүгүнкү Адахан Кимсанбаевичтин Тогуз-Булактын жигиттери угуп тургула деп ыйлап жиберейин деп айтканында мен да ыйладым. Түрдүү кырдаалдардан улам биз да бара албай жатабыз, бирок пикирибизди айтканга аракет кылып жатабыз.

Ал эми бүгүн бийликтин башында турган адамдар мага чалып, Кемпир-Абадды алдырбагыла, өз оюңарды айтып коргоп калгыла деп жатышат. Анда мен алардан бизди кечээги камалган активист кыз Каныкей Арановадай кылып камабайсыңарбы деп сурасам, эмнеге камалгандан коркосуңар деп жооп кайтарды. Бүгүн камалсаңар эртең кое беришет, жерди коргоо жада калса шариатта да бар деп жатышат.

Урматтуу өзгөндүктөр, жергиликтүү деңгээлдеги бийликтеги адамдарга моюн бербегиле. Өз упайы үчүн иштеп жаткандарга алданбагыла, элди, жерди коргоо бардыгыбызга тиешелүү. Антпесек, 20-30 жылдан кийин биз Лейлектегидей оор кырдаалга туш болуп калышыбыз мүмкүн. Муундарыбыз талаш жерде туруп калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бириңер ордуңардан туруп тайманбастан пикириңерди айткыла.

Бүгүн жерибизди алдырсак өзгөндүк жигиттер лакапка туш болуп калбашы керек. Жаман сөз, лакап аттарды четке кага турган убакыт келди. Мен бийликке каршы чыккыла деп тукурбайм, бирок өзүбүздүн жерибиз боюнча чогулганга милдеттүүбүз деп эсептейм.

Кечээ Өзбекстандын телевидениесинде бул маселе талкууланып, бир коомдук ишмер карыя Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы окуядай кырдаалга алып барасыңар, албагыла, тийбегиле деди. Ал эми экинчиси Кемпир-Абаддын жада калса жарымын алсак да Өзбекстандын экологиялык жана башка тармактарына өтө пайда келтирген болобуз деп жатат.

Андан тышкары айтсак, Өзгөн күрүчү Кемпир-Абад суусунан түздөн-түз көз каранды. Куршаб зонасында күрүч эккендердин бардыгы ошол бассейндин чекесинде отурат. Ал сууну берсек элдин дыйкан чарбасына чоң зыянын тийгизет. Биз Кемпир-Абаддын бир тамчы суусун, бир метр жерин берүүгө каршыбыз», – деп соцтармакка жарыялады.