Жалал-Абадда 38 жаштагы Батирбек Жураев изделүүдө

Жалал-Абад облусунда былтыркы жылдын 26-июлунан бери дайынсыз болуп жаткан Батирбек Жураев изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылынын 38 жаштагы Батирбек Жураев аттуу тургуну 2022-жылдын 26-июль күнү саат 08:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Батирбек Жураевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан аны табууга жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, сары жүздүү, чачы кара, кыска, психикалык жактан жабыркайт, эс тутуму начар, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, шым, ботинка.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Батирбек Жураев тууралуу кандайдыр бир маалымат бар жарандарды 102, (03736) 5 02 61, 0776 10 30 30 номерлерине кабар берүүсүн суранат.