Жалал-Абадда «Чычкан» чек ара постунда “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды

Бул ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 283-беренесинин 2-пункту боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында (өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) Жалал-Абад облусунун «Чычкан» постунда, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү ууна токтотулуп, анда баңгизаттарды ташыган ыкчам маалымат боюнча жүргүнчү болгон.
“Унааны текшерүүнүн жүргүзүү учурунда ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баштык заттар табылып алынган. Алынган заттардын жалпы салмагы 615 граммды түзгөн.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат “гашиш” баңгизаты болуп чыккан”, – деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун тургуну Ш.А. экендиги аныкталган.
Азыркы учурда кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 02 08 at 12.55.50 Жалал-Абадда «Чычкан» чек ара постунда “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды
WhatsApp Image 2023 02 08 at 12.55.50 1 Жалал-Абадда «Чычкан» чек ара постунда “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды