“Он үйү, он унаасы бар”: Токторбаев миллиардер болгон судьяны атады

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку соттун кызматкерлери кантип байып жаткандыгына кызыкты. Анын айтымында, сот тармагында каражат жетишсиз деп айтылганы менен бай судьялар абдан көп.

 “Жогорку соттун имаратынын алдында Gelandewagen, BMW X7, Lexus LX,570 сыяктуу кымбат унаалар токтоп турат. Каражат жок дейсиңер, кымбат унааларды кайдан алып жатышат?”, — деп сурады.

Депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бай жана кедей дагы соттор бар экенин айтты.

“Мен дагы бай сотторду көп көрөм. Кээде “силердин учак же тик учагыңар барбы?” деп тамашап сурап калам. Акыркы кезде Жогорку соттун жумуштан кеткен жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган судьялары бар. Негизи кыргыз элинин байыганы жакшы. Капарайым эл, сот, депутаттар дагы байыса жакшы болот”, — деди Базарбеков.

Жеңишбек Токторбаев Жогорку соттун мурунку судьясы Камиль Осмоналиевди мисал келтирип, ал миллиардер болгонун айтты.

“Анын 10 үйү, 10 батири, 10 унаасы бар экен. Аларды кантип алганын такыр түшүнбөйм”, — деген депутат сотторго болгон элдин ишеничи күндөн-күнгө азайып жатканын кошумчалады.