Баткенде аким менен мэр жол кырсыгына кабылды, – сүрөт

Баткен облусунда Баткен районунун акими жана Баткен шаарынын мэри бара жаткан Toyota Land Cruiser 200 унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ЖМКларга өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 18-январда болгон. Унаада аким Учкун Жоробаев жана мэр Имамназар Бурканов бара жаткан. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, жол кырсык Лейлек районунда катталган.

«Жол тайгак болгондуктан, унаа жолдон чыгып кеткен. Ал айып аянтчасына коюлуп, тиешелүү протоколдор толтурулган. Унаадагы дамдар жабыркаган эмес», — деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Аталган бөлүмдөн белгилешкендей, протокол айдоочунун атына түзүлгөн. Эч ким ооруканага кайрылбагандыктан, жол кырсык болгондо унаанын ичинде кимдер болгону белгисиз.

x329850617 2530625787236977 7715490540568923112 n.jpg.pagespeed.ic .4PsXBzGEJ Баткенде аким менен мэр жол кырсыгына кабылды, - сүрөт