Талас шаарында ​милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспектору милициянын улук лейтенанты Алиев Бактияр балдарды спорт менен тарбиялоодо. Аларды кылмыштуулуктан, укук бузуулардан жана ар кандай зыян алып келүүчү аракеттерден сактоо максатында иш алып барууда. Балдардын мыйзам алдында жоопкерчилигинен, милдеттерден тышкары инспекторлор тарбиялык насаат иштерине дагы өзгөчө ​көңүл бурат.

WhatsApp Image 2023 02 07 at 16.55.48 Талас шаарында ​милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө


Аларды бош убактыларын пайдалуу өткөрүп, сергек жашоого чакырып, көмөктөшүп келет. Аталган мектеп-гимназиянын окуучулары тартиптүү жана аракетчил келгендиктен, алар менен ишенимдүү жакшы мамиледе.
Талас шаарынын Камалбек Дарданов атындагы №3 мектеп-гимназиянын окуучуларына мектеп мугалимдери менен байма-бай спорттун ар кандай түрү боюнча мелдештерди уюштурат. Бул саам балдардын ынтымагын жана достугун бекемдеп, мини футбол оюунун​ уюштуруп, жеке өзүнүн каражаттары менен медаль, диплом жана белектерди камсыздады. ​
Оюнга 8-9-10-11-класстын окуучулары болуп, жалпы 8 команда катышты. Эң мыкты оюнду​ ​9-класстын окуучулары көрсөтүп, утушка ээ болушту.

WhatsApp Image 2023 02 07 at 16.55.47 Талас шаарында ​милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө
WhatsApp Image 2023 02 07 at 16.55.47 1 Талас шаарында ​милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө
WhatsApp Image 2023 02 07 at 16.55.48 1 Талас шаарында ​милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө