АКШдан Нарынга келип, окуучуларга англис тилин үйрөткөн Женнифер Цуй

44 жаштагы Женнифер Цуй Америка Кошмо Штаттарынан Нарын районуна келген. Ал азыр ыктыярчы катары элеттеги балдарга англис тилин окутуп жатат.

Женнифер Кыргызстанга ушуну менен төртүнчү жолу келди, алгач 2006-жылы келген. Андан кийин ал кыргыз тилин үйрөнүп, Кыргызстанга келип окуучуларга сабак берүүнү кыялданган.

“Америкада биология сабагынан профессор болуп иштечүмүн. Бирок бул жакта азыр [Нарында] англис тили сабагынан мугалим болуп иштейм. Мен сабак окутканды аябай жакшы көрөм. Анан мугалим катары Кыргызстанга келгим келди. Себеби, мен Кыргызстанды аябай жакшы көрөм”, – дейт ал.

YouTube video