“Сасык”: Мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди

Күчүктү мектепке алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, окуя Баткен облусунун Кадамжай районунудагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте орун алган. Анын видеосу соцтармактарга тараган. Анда мугалим мектепке күчүктү баштыкка салып алып келген окуучу тууралуу айтып, аны ким алып келгени боюнча сурап жатканы тартылган.

Мындан соң аталган видеонун экинчи бөлүгү да чыккан. Анда мугалим күчүк алып келген окуучуну урушуп, түртүп жиберген.

Бул окуя коомчулук тарабынан катуу талкууга алынып, мугалимдин дарегине бир катар сындар айтылган.

330841627 932977634802200 8539915135711047926 n "Сасык": Мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди
image 4 1 1 "Сасык": Мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди
image 8 1 "Сасык": Мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди