УКМК: Базар – Коргон районунун акимиатынын, архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
    Маалыматта, 2023-жылдын 6-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалганы айтылат.
    "Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
    Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп билдиришти мекемеден.
    Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
WhatsApp Image 2023 02 08 at 07.26.58 УКМК: Базар - Коргон районунун акимиатынын, архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды
WhatsApp Image 2023 02 08 at 07.26.59 УКМК: Базар - Коргон районунун акимиатынын, архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды