Патрулдук милициянын унаасы жол кырсыкка учурады, – видео

Бишкекте ИИМдин Патрулдук милициянын унаасы катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык Горький жана Беларусь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаа кызматтык унаага жол берген эмес. Жабыркагандар жок.